Четверг, 2 мая

Кыргызстанда тоютту экспорттоого убактылуу тыюу салынды

0

Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандан ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга(реэкспортко, транзитке, ошондой эле КР министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамдарына тиешеси жок), убактылуу тыюу салынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеси: тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту), арпа, күрүч, сулуу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз