Пятница, 10 мая

Быйыл кыш ток печкелерди колдонууга тыюу салынат

0

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, электр кубатын маал-маалы менен өчүрүү болбойт: “Быйыл биз электр энергиясы менен жылытууга толук тыюу салганы жатабыз. Ар бир кардар белгиленген чекте электр жарыгын алат. Ал алдын ала эсеп менен ар бир үйгө 5 кВт/саат болот экен. Эч кандай маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. Күндүз электр энергиясы үч маал өчүрүлөт деген маалыматтар туура эмес. Бирок үнөмдөш керек. Азыр тойканаларда да бул тууралуу жарыялар кетип жатат”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз