Суббота, 27 апреля

Ысык-Көлдөн 100 миң метрден ашык тор чыгарылды

0

Ысык-Көлдөн 142 күндүн ичинде 13 тонна 561 кг таштанды жана 98 миң 450 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, суучулдар көлдүн түбүн таштандылардан арылтуу ишин улантууда.

Сентябрь айынын алгачкы күндөрү Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы, Кош-Көл айылдарында жайгашкан пансионаттардын жана эс алуучу жайлардын тушундагы көл түбү тазаланды: «Кооператор», “Учкун» мейманканасы, «Артек”, “Алтын-Тамчы”, “Жемчужина”, “Акылман», «Байсан”, “Голубая-Бухта”.

Белгилей кетсек, көлдү тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде аткарылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз