Пятница, 22 ноября

Ташиев: Түрмө пансионат эмес

0

«Түрмө деген түрмө. Мыйзам бузгандарды тарбиялаш үчүн курулган». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айтып, түрмөнүн шартына нааразы болгон саясатчыларга кайрылды.

«Кыргыз деген атты сактап калыш, кийинки муунга өткөрүп берүү биздин колубузда. Ал эми талашып-тартышкан саясатчылар, колунан эч нерсе келбей тили менен буудай куургандар, мамлекетти тоноп алып дагы бир ызы-чуу кылам дегендердин баарына мыйзам чегинде жаза беришибиз керек. Башка айла жок. Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар. Кээ бири азыр «түрмөдө бизди катуу кармап, катаал шартты коюп жатат» деп арызданышууда. Түрмө пансионат эмес. Түрмө деген түрмө. Ал ошол үчүн курулган. Ошого чыдабайбы мыйзам бузбасын», — дейт Ташиев.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар шарты жок камерага которулгандарын айтып нааразы болушкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз