Воскресенье, 29 сентября

“Аю Холдингдин” негиздөөчүсү сырттан камакка алынды

0

“Аю Холдингдин” негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сырттан камакка алынды. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Сот чечимди ИИМдин тергөөчүсүнүн сунуштамасынан кийин кабыл алган. Абдыкеримовду сыртынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына киргизүү өкүмү чыкты.

Мындан бир ай мурда ЖМКлар ишкердин Дубайда дарыланып жаткандыгын жазышкан.

14-апрелде президент Садыр Жапаров «Аю» компаниясынын спирт жана арак чыгарган зоводу мамлекетке өтүп жаткандыгын билдирген  эле. Анын айтымында, компанияга салыкты жашырбоо, акцизди жасалмалабоо жана спиртти контрабанда кылбоо боюнча эскертүү беришкен. Президент мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет өзү чыгарарын белгилеген.

ИИМ «Аю» компаниясынын Сокулук айылындагы, Токмок шаарындагы кампаларына тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 260 тоннадан ашык этил спирти, бухгалтердик документтер, акциздик маркалары жок 12 миң бөтөлкөдөгү спирт кошулган ичимдик табылганын кабарлаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз