Суббота, 4 мая

«Манас» аэропорту жакында дагы эки учак сатып алат

0

«Манас» эл аралык аэропорту жакынкы убакта ички рейстер үчүн дагы эки учак сатып алат. Бул туурасында аталган ишкананын директору Манасбек Самидинов билдирди.

Ал жаңы алына турган самолеттор Канаданын 80 адамга ылайыкталган Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндө боло тургандыгын айтты. Бир учактын баасы 6 миллион доллар турат.

Эске салсак, өткөн аптада «Манас» эл аралык аэропорту алгачкы ирет өз каражатына эки учак сатып алган. Алар 2024-жылдын май айында Кыргызстанга жеткирилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз