Жогорку Кеңеште Мадумаров боюнча комиссия түзүлбөй калды

0

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын мүчөлөрү лидери мыйзамсыз кармалганын айтып, анын чоо-жайын иликтөө үчүн парламенттик комиссия түзүүнү сунуштаган. Анын курамына ар бир фракциядан бирден депутат кирген.

Бирок комиссиянын курамын бекитүү тууралуу токтом кабыл алуу үчүн добушка коюлганда 40 “макул, бир “каршы” добуш берилди. Деген менен жыйынга катышып жатат деп 73 депутат катталган болчу.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев комиссия тууралуу токтом кабыл алуу үчүн кеминде 46 добуш керектелерин белгилеп, сунуш өтпөй калганын айтты.

Эске сала кетсек, Мадумаров 2-сентябрда УКМКнын тергөө абагына киргизилген, ал мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз