Четверг, 9 мая

Бишкекте орточо айлык акы канча экени айтылды

0

Август айында Бишкекте орточо айлык акы 462,3 АКШ долларын түздү, деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Астанада орточо айлык акы 1 миң 48,1 доллар, Москвада — 1 миң 598,9 доллар, Минскте — 857,3 долларды түздү.

Буга чейин республика боюнча бир жумушчунун орточо айлык акысы 2023-жылы январь-март айларында 30 миң 729 сомду түзгөнү маалымдалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз