Суббота, 27 апреля

Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнү белгиленүүдө

0

Бүгүн Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнү белгиленүүдө.

Ар жыл сайын Түрк мамлекеттери уюмунун түзүлүшүнүн пайдубалын түптөгөн Нахчыван келишимине кол коюлган күн болгон 3-октябрь Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнү катары белгиленип келет.

Түрк мамлекеттери уюму, 1992-жылы «Түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын саммити» катары баштаган процесстин натыйжасында бүгүнкү күндө толук кандуу эл аралык уюмга ээ айланды.

Мындан 14 жыл мурда түркчө сүйлөгөн мамлекеттери Нахчыванда жолугуп, Нахчыван келишимине кол коюшкан. Бул өз кезегинде Түрк мамлекеттери уюмунун түзүлүшүнө негиз болуп берген.

Түрк элдеринин кызматташтыгын бекемдөө максатында 1992-жылы Түркиянын ошол кездеги жетекчиси Тургут Озалдын демилеси менен Анкарада Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын лидерлеринин алгачкы жыйыны өткөн. Андан бери уюмдун курамында өзгөрүүлөр болуп, 2009-жылы азыркы Түрк мамлекеттери уюму түзүлгөн. Мүчөлүк макамга ээ болгон беш өлкөдөн тышкары уюмдун жыйындарына байкоочу катары Венгрия жана Түркмөнстан катышып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз