Воскресенье, 24 ноября

Сокулуктагы балдардын мушташы тууралуу териштирүү башталды (Видео)

0

Социалдык тармактарда Новопавловка айылында жогорку класстын окуучулары өзүнөн кичүү окуучуларды сабап жаткан видеотарады.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аталган факты Сокулук райондук милиция бөлүмунө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

«Азыркы учурда Сокулук райондук милиция кызматкерлери окуяга катыштыгы бар бардык тараптарды аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти ИИББден.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз