Воскресенье, 24 ноября

Көлбаев жок кылынды

0

Кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкектеги кармоо операциясынын жүрүшүндө жок кылынды.

Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Blonder pub эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн.

Анын жүрүшүндө Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан. Натыйжада Көлбаев жана анын жансакчысы жок кылынды.

49 жаштагы Камчы Көлбаев Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз