13-октябрда Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Буга байланыштуу 12-13-октябрь күндөрү борбор калаанын жана Чүй облусундагы айрым көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, чектөө «Манас» аэропортунан Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинде, Манас жана Айтматов проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин, Садырбаев көчөсүнөн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин, Бишкек-Кант айланма жолуна киргизилет. Бул жолдордо делегациялар өткөн убакта башка автоунаалардын жүрүүсүнө жол берилбейт.