Вторник, 26 ноября

ХАМАСтын дрону Израилдин танкын жок кылды (Видео)

0

Бүгүн таң эртеден тартып палестиндердин Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Израилди аткылап жатканы, анын мүчөлөрү Израилдин Палестинага чектеш шаарларына кирип келгени кабарланды.

Жүздөн ашуун адам жараат алып, бир аял өлгөнү маалым болду. Бийлик тургундарды бомбадан калкалоочу жайлардан кетпөөгө чакырууда. Израилдин армиясы акыркы 50 жылдан кийин алгачкы жолу согуш абалын жарыялады. Алар жооп кылып, Газа тилкесин аткылоодо.

Кол салуу тууралуу алгачкы расмий маалыматты Израилдин коргоо министри Йоав Галлант айтып чыкты. Ал «ХАМАС Израил мамлекетине каршы согуш баштап олуттуу катачылык кетирди» деди.

Муну менен катар айрып массалык маалымат каражаттары, ХАМАС жоочулдарынын Израилдин айрым чек ара пунктарын басып алганын, жөөттөрдүн кээ бир аскердик жетекчилерин барымтага алганын жазууда.

ХАМАСтын маадымат булактары, алардын дрону Израилдин танкын аткылаганынын видеосун таратты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз