Понедельник, 25 ноября

Согуш чыгабы? АКШнын F16 флоту Жакынкы Чыгышка жетти

0

Америка Кошмо Штаттарынын  Коргоо министрлиги (Пентагон) Жакынкы Чыгышка жөнөтүлгөн F16 флотунун АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) миссия аймагына жеткендигин жарыялады.

Пентагондун билдирүүсүнө караганда, CENTCOMдун кызмат аймагына жеткен F16 флоту, министрлик тарабынан аймакка мурда жиберилген коргонуу бөлүктөрү менен «аймактагы АКШ күчтөрүн коргоо үчүн» иштейт.

Билдирүүдө 7-октябрда башталган Израиль-Палестина кагылышуусуна көңүл бурулуп Иран колдогон топтордун Иракта да, Сирияда да АКШ күчтөрүнө кол салгандыгы белгиленди.

Пентагондун басма сөз катчысы генерал Пэт Райдер күнүмдүк пресс-жыйынында: «Бул чабуулдарды жасаган топтордун Төңкөрүш  гвардиясы жана Иран режими тарабынан колдоого алынгандыгын билебиз», — деди.

Жакынкы Чыгышта көп түрдүү аскердик бөлүктүн даяр күтүп жаткандыгын айткан Райдер азырынча эч биринин активдүү эмес экендигин белгиледи.

Райдер Израиль — Палестина кагылышуусу башталгандан бери АКШнын максатынын аймактык кагылышуунун кеңейүүсүнө жол бербөө экендигин белгилеп, бул кагылышуу чөйрөсүн зомбулукту күчөтүү үчүн колдонууну каалаган өлкөлөрдү «мындай аракет кылбагыла» деп эскертти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз