Понедельник, 25 ноября

Президент Жапаров туу боюнча өзүнүн сунушун айтты (Сүрөт)

0

Өлкөнүн мамлекеттик символикаларынын бири болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушу боюнча талкуу уланууда. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров да өзүнүн пикирин айтты. Президент Жапаров тууну өзгөртүү сунушун колдоорун айтты. Ал “Кабар” агенттигине төмөндөгүлөрдү айтты:

Негизи мен бул идеяны колдоймун. Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келетат деген пикирлер арбын айтылып келген. Ал тургай, өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келип, туубузду көрүп, бул өлкөдө күн карама көп өстүрүлөт турбайбы деген ойдо калган чет элдик меймандар дагы болгон.

Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген.

Эми ушул вариант Кудай буюруп кабыл алынып калса, күн карама болбойбуз, мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот (күлүп). Кандайдыр бир ырым-жырымды кармангандан алысмын. Бирок туудагы түндүгүбүздөн күн бизге шооласын чачып турган сымал, эми эч кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча жаркырап өнүгөбүз деп жакшы ниет кылалы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз