Воскресенье, 24 ноября

Израиль эми Бириккен Улуттар Уюму менен тирешүүдө

0

Бириккен улутар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин айткан сөздөрү Израиль бийлигине жаккан жок.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги Израиль-Палестина сессиясында сүйлөгөн сөзүндө БУУнун баш катчысы Гутерриш, 7-октябрда Израилде Хамас тарабынан жасалган кол салууларды айыптагандан кийин мындай деди:

«Бирок Хамастын чабуулдарынын жөн жерден болбогонун да билишибиз керек. Палестина эли 56 жылдан бери кысымдуу баскынчылыкка дуушар болуп келе жатат. Өз жерлеринин этап-этабы менен басып алынышына жана зордук-зомбулуктарга күбө болууда. Экономикасы кулап, адамдар жеринен ажыраган жана үй-жайлары талкаланган абалда. Алардын саясий чечимге болгон ишеними жоголо баштады».

БУУнун баш катчысынын бул сөздөрү Израилдин өлкө жетекчилигинин сынына кабылды. Израилдин БУУдагы элчиси, анын артынан өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Гутерришти кызматтан кетүүгө чакырды. Тышкы саясий мекеме баш катчынын кол салуу “жок жерден болгон жок” деген сөздөрү “терроризмди актоого барабар” деп эсептейт.

Мунун менен катар Израилдин айрым маалымат каражаттарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутеррештин Коопсуздук Кеңешиндеги билдирүүлөрүнө жооп катары БУУнун кызматкерлерине өлкөгө кирүү визасын бербей коюшу мүмкүн экендиги айтылды.

Израилдин мамлекеттик телеканалы КАНдын кабарында: «Израиль Гутеррештин сөзүнөн кийин Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкерлеринин виза арыздарынын кабыл алынып алынбасына баа берет», — деп жазылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз