«Өнөр-жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо» саясий партиясынын төрагасы Акбаралы Айтикеев өлкөнүн атын “Манас-Кыргыз Республикасы” деп өзгөртүүнү сунуштады. Ал бул сунушун президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жолдоду. “Мен бул демилгени 10 жыл мурда конституциялык кеңештин жыйынында көтөргөм. Мамлекетибиз Манас менен миң жылдап түбөлүк сакталат. Мамлекетибиз Манас – Кыргызстан жана Манас – Кыргыз Республикасы – деп жаңыча аталышы керек. Чыныгы күчтүү биримдик, ырыс алды – ынтымак менен элдин бай жашоосу башталат”, — дейт ал.