Воскресенье, 12 мая

Бишкекте Палестина элин колдогон митинг болду

0

Бүгүн Бишкекте 300дөй адам Максим Горький атындагы бакчада Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын өткөрдү. Алар “Палестинага боштондук”, «Кыргынды токтоткула» деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Саясатчылар жана активисттер палестиндерди колдоп сөз сүйлөштү.

Газанын тургундарын колдоо акциясы буга чейин Бишкекте 21-октябрда да болгон. Анда катышуучулар Газа тилкесине гуманитардык жардам жөнөтүү демилгесин көтөрүшкөн.

Азыркы учурда Палестина элине жардам чогултуу иштери уланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз