Воскресенье, 28 апреля

“Байрактардын” жаңысы чыкты (Фото, Видео)

0

Түркиянын Байкар фирмасы тарабынан иштелип чыккан Байрактар ​​TB3 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (SİHA), Түркия Республикасынын 100-жылдыгына карата биринчи учуу сыноосун ийгиликтүү аяктады.

Байкар фирмасынан жасалган билдирүүгө караганда, Байкар Башкармалыгынын төрагасы жана технология лидери Селчук Байрактардын жетекчилигинде ишке ашырылган Байрактар ​​TB3 учкучсуз уччучу аппараттын биринчи учуу сыноосу, Түркия Республикасынын 100-жыл мааракесине 2 күн калганда Текирдагдын Чорлу районундагы AKINCI Учуу жана Сыноо борборунда ишке ашырылды.

Түркия убактысы боюнча саат 08.30да учкан Байрактар ​​ТБ3 абадагы системаны аныктоо сыноолорун да ийгиликтүү бүтүрүп, 1 сааттык учууну ишке ашырды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз