Воскресенье, 24 ноября

Түркияда Республика күнү майрамдалууда

0

Бүгүн Түркияда Республика күнү.

Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгы өлкө боюнча өзгөчө иш-чаралар менен белгиленет.

29-октябрь Республика майрамынын эки маанилүү борбору борбор шаар Анкара жана Стамбул болот.

Республика күнү өлкөдө майрамдык программалар уюштурулат. Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган мамлекеттик кызматкерлер менен бирге Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү жаткан Аныткабирге барат. Республика жарыяланган 1-Парламентте салтанат болот. Бул жерде Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш сөз сүйлөйт.

Мунун менен катар Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын алдынан Улуска карай «Республикабыздын 100 жылдыгы» парады өткөрүлөт. СОЛОТҮРК Аныткабирдин үстүнөн демонстрациялык учуу жасайт.

Деңиз флотунун тарыхындагы эң чоң парад Түркия убактысы боюнча саат 17.00дө Босфор кысыгында өткөрүлөт. Парадга өзгөчө TCG Анадолу баш болгон 100 кеме катышат. Кемелерди Түрк жылдыздары жана SOLOTÜRK да болгон 20 согуштук учак коштойт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз