Воскресенье, 12 мая

Жапаров Токаевге көңүл айтты

0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Казакстан элине жана өлкө лидерине Казакстандын Караганда областындагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуудан улам адамдар курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты.

Ал каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайраттуу болушун, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады.

Президент Садыр Жапаров бул оор учурда Кыргызстан боордош Казакстан элинин жанында экенин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз