Казакстандын борбору Астанада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 10-саммитинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн «Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени» ыйгарылды.
Cыйлык тапшыруу аземи Астанада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 10-саммитинен кийин өткөрүлдү.
Аземде Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Өзбекстандын президенти Мирзиёевге түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого кошкон зор салымы үчүн «Түрк дүйнөсүнүн жогорку орденин» тапшырды.
Президент Мирзиёев ыраазычылык билдирген сөзүндө : «Мен бул сыйлыкка чыныгы боордоштук карым-катнаштардын негизинде кайрадан чыңдалган жакын достугубуздун жана кызматташтыгыбыздын символу катары баа берем», — деди.
Аземге Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркмөнстандын Элдик жыйынынын «Халк масалахаты) төрагасы Гурбангули Бердимухамедов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да катышты.
