Среда, 29 апреля

Аялды эки баласы менен өлтүргөн Чынтемир Аширалиев акыркы сөзүн айтты

0

Бишкектеги үч адамдын өлүмүнө шектелген УКМКнын мурдагы кызматкери Чынтемир Аширалиев өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Ошондой эле соттун өкүмүнө ылайык, Чынтемир Аширалиев жабырлануучу тарапка моралдык зыян келтиргени үчүн 3 миллион сом жана материалдык чыгым үчүн 670 миң сом төлөп бермей болду.

Соттун чечимин уккан Чынтемир Аширалиев дагеле күнөөсүн мойнуна албады. Ал акыркы сөзүндө күнөөлүү эмес экенин айтты.

Эскерте кетсек, 16-февраль күнү түндө Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу жаранды кармашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз