АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) АКШнын президенти Жо Байден башкаруусунун Украинага 425 миллион долларлык жаңы жардам пакетин билдирди.
Пентагондон берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Украинага АКШ инвентарындагы 125 миллион долларлык аскердик каражат трансфери менен бирге Украина Коопсуздук Инциативинин негизинде да 300 миллион долларлык аскердик жардам берилет.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө АКШнын Украинага колдоосун дагы бир жолу баса белгилеп : «Россия Украинадагы күчтөрүн чегинткенге чейин, ырайымсыз кол салууларын токтогонго чейин АКШ жана 50дөн ашуун өлкөдөн турган коалициясы Украинанын жанында болууну улантат»,- деди.
Блинкен Украинага «өзүн коргоп, келечегин камсыз кылууга» жардам берүү АКШнын улуттук коопсуздук кызыкчылыктары менен дал келерин белгилеп, бул багытта АКШ Конгресси менен кызматташууну уланта тургандыгын айтты.
