Пятница, 24 апреля

Кар жаайбы? Кыргызгидромет маалымат таратты

0

Кыргызгидромет 5-11-ноябрь аралыгында өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Бишкек жана Чүй облусу

5-8-ноябрда күн ачык болот. Ал эми 9-ноябрь жана 10-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Андан соң кайрадан күн ачылат.

Талас облусу

Апта башында жаан-чачын күтүлбөйт. 9-ноябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 10-11-ноябрда күн ачык болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

5-7-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-9-ноябрда жана 10-ноябрь түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жума соңу күн ачык болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

5-8-ноябрда күн ачык болот. 9-ноябрда күндүз көпчүлүк аймактарда, 10-ноябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. 11-ноябрда жаан-чачын болбойт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз