Иорданиянын премьер-министри Бишр ал-Хасавне палестиналыктарды сүргүнгө айдоо аракетинде «кызыл сызыктар» бар экенин белгилеп:«Иордания муну согуш жарыялоо катары карайт», — деди.
Иорданиянын расмий агенттиги PETRAдагы кабарга караганда Хасавне борбор шаар Амманда парламенттеги партиялардын фракцияларынын төрага орун басарлары менен жолугушуу өткөрдү.
Иорданиянын Израилдин блокададагы Газа тилкесине кол салууларына байланыштуу бардык варианттарды үстөлдө кармаганын айткан Хасавне: «Палестиналыктарды сүргүнгө айдоого карата ар түрдүү аракети же шарты кызыл сызык болуп саналат. Иордания муну согуш жарыялоо катары карайт»,-деп айтты.
Премьер-министр Хасавне Израилдин Газа тилкесине карата уланып жаткан кол салууларын «эл аралык укукка жана эл аралык гуманитардык укукка каршы жасалган кылмыштар» катары мүнөздөп: «Палестиналыктарды өлтүрүү үчүн Израилге берилген коргоо токтотулушу керек. Эл аралык укук жана эл аралык гуманитардык укук жарандарды бутага алууну тыюу салынган кылмыш катары карайт»,-деп айтты.
Израилдин аскерлер менен жарандарды айырмалабастан кол салганын, ал тургай тез жардам унааларына да сокку урганына көңүл бурган Иорданиянын премьер-министри, Газага кол салуулар башталган күндөн бери өлкөсүнүн ок атышпоо үчүн аракет кылып жатканын баса белгиледи.
Израилдин 7-октябрдан бери Газага карай кол салууларында каза болгондордун саны 10 миңден ашты.
