Воскресенье, 19 апреля

Биринчи айым мурдагы күйөөсү кулак мурдун кескен Аселден кабар алды (Фото)

0

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн бир нече убакыт мурун коомчулукту нес кылган, мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталып, бети-башы кескиленген Асел Ногойбаевадан кабар алды. Бул тууралуу биринчи айымдын социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалат.

«Кыздарыбыз кайсыл жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек. Башынан азаптуу күндү өткөргөнүнө карабай Асел кайраттуу, жаркылдаган мыкты мүнөзү бар кыздарыбыздын бири экен. Белегиң үчүн чоң рахмат! Бардыгы жакшы болот!», — деп жазылат билдирүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз