Пятница, 20 сентября

Бишкек эл аралык кинофестивалдын биринчи конок өлкөсү Түркия болот

0

Бишкекте өтүүчү Эл аралык кинофестивалдын биринчи конок өлкөсү Түркия. Фестивалдын алкагында Түрк киносу жумалыгы уюштурулат жана белгилүү актриса Түркан Шорай фестивалдын ардактуу коногу болот. Ал Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча 1977-жылы Түркияда тартылган “Селви бойлум ал язмалым” тасмасында башкы каармандын ролун ойногон.

Борбор калаа Бишкекте 2023-жылдын 17-ноябрынан 22-ноябрына чейин өтө турган Бишкек эл аралык кинофестивалы Туркиянын Маданият жана туризм министрлигинин, Туркиянын Бишкектеги элчилигинин жана ТИКА уюмунун колдоосу менен уюштурулат. «Жергиликтүү ой-пикир» ассоциациясы (Yerel Düşünce Derneği), КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаменти жана Кыргыз- Түрк “Манас” университети уюштурган фестивалдын алкагында алгачкы конок өлкө катары тандалган Түркияда тартылган тасмалар тартууланат. Аталган жумалык бир катар кызыктуу иш-чаралар менен өткөрүлөт.

Биринчи Бишкек Эл аралык кинофестивалынын расмий ачылыш аземи 17-ноябрь күнү Кыргызстандын жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген кино жана басма сөз ишмерлеринин катышгуусу менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында өтөт. Аземде 45 жылдан кийин Кыргызстанга кайра келген белгилүү актриса Түркан Шорайга «Дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн» сыйлык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов тарабынан берилет.

18-ноябрь күнү «Түрк кино жумалыгынын» ачылыш аземи Кыргыз-Түрк Манас Университетинде уюштурулат. Аземде Түркия Республикасы жарыялануусунан бир күн мурун Анкарадагы Чанкая сарайында болгон окуялар чагылдырылган «Акыркы кечки тамак» тасмасы тасманын продюсери Ахмет Селим Тунжер жана бала актриса Азра Аксунун катышуусу менен көрсөтүлөт.

Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинде кино жана басма сөз ишмерлеринин катышуусу менен фестивалдын ачылыш аземи болот. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилени кино аркылуу жакындатууну көздөгөн фестиваль, кино сүйүүчүлөр үчүн популярдуу тасмаларды, сыйлыкка ээ болгон эмгектери тартуулайт.

Түрк кино жумалыгында белгилүү режиссерлордун сыйлык алган тасмалары менен кошо кино сүйүүчүлөр жактырган популярдуу тасмалар да көрсөтүлөт. Иш-чаранын алкагында “Акыркы кечки тамак”, “Хасандын ишенимдүүлүгү”, “Эфлатун”, “Буудайдын бир даны”, “49”, “Бир чымчым каранфил” жана “Рафадан Тайфа — Галактика тобу” тасмалары акысыз көрсөтүлөт. Кошумчалай кетсек, ар бир тасма көрсөтүлгөндөн кийин актёр/актрисалар, режиссер жана продюсерлер менен көрүүчүлөрдүн жолугушуулары, Түрк киносу боюнча маектер өткөрүлөт.

Түрк кино жумалыгынын дагы бир маанилүү иш-чарасы – түрк дүйнөсүнүн маанилүү инсандарын жана окуяларын анимациялык фильмдерге айландыруу максатында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өткөрүлө турган анимация семинары жана мастер-класстары.

Эл аралык Бишкек кинофестивалы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы “Кыргыз Республикасынын улуттук киноиндустриясын жана кинематографиясын мамлекеттик колдоо программасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын алкагында уюштурулууда.

Бишкек Эл аралык кинофестивалы: Конок өлкө Түркия иш-чараларына Түркиядан катышуучу коноктор:

  • Ардактуу конок Түркан Шорай,
  • Фестивалдын калыстар тобунун төрагасы Семих Капланоглу
  • Түркия Республикасы Маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам,
  • Түркия Республикасы Маданият жана туризм министрлигине караштуу кинематография башкармалыгы төрагасы Эркин Йылмаз,
  • Түркия парламентинин 26-27-чакырылышындагы депутаты, «Жергиликтүү ой-пикир» ассоцациясынын төрагасы Метин Гүндогду,
  • Түрк тасмалары жумалыгынын башкы координатору, режиссер Өнер Кылыч.

Мындан тышкары Фестивалдын жана Түрк кино жумалыгынын коноктору арасында Түркиядан келген көптөгөн кино жана сериалдарда ойногон актёрлор, продюсерлер жана режиссерлор кино сүйүүчүлөр менен жолугушат.

Актер жана актрисалар:

  • Жаш жылдыз Азра Аксу — «Акыркы кечки тамак» тасмасынын башкы каармандарынан бири,
  • Эсра Гезгинжи — «Жетинчи камерадагы керемет», «Эки таңдын ортосунда» тасмаларында жана «Өткөн жай», «Татар Рамазан», «Караңгы көчөлөр» телесериалында актриса,
  • Бурак Хактаныр — «Көңүлдөрдүн тоосу», «Сүйүү канаты» жана «Пайитахт: Абдулхамид» сериалдарынын жана «Режеп Иведик — 3» тасмасынын актерлорунан
  • Мухаммед Эмре Кая — «Серхат», «Дирилиш: Эртугрул», «Куртлар Вадиси», «Ойгонуш: Улуу Селжуктар» сыяктуу сериалдардын актеру,
  • Фатих Османлы — «Курулуш: Осман», «Пайитахт: Абдухамид» сериалдарында ойногон актер.

Режиссер, продюсерлер жана журналисттер:

  • Серкан Байрам — «Буудайдын бир даны» тасмасынын продюсери, Түркия парламентинин депутаты,
  • Исмаил Фидан — «Рафадан Тайфа» анимациялык тасмасынын продюсери жана режиссеру,
  • Ахмет Селим Тунжер — «Акыркы кечки тамак» тасмасынын продюсери
  • Жүнейт Каракуш — «Эфлатун» тасмасынын режиссеру
  • Нарин Нур Акди — продюсер, Түрк тасмалары жумалыгынын координатору
  • Али Эюпоглу — «Миллиет» гезитинин колумнисти,
  • Бүнямин Йылмаз — «Анадолу Агенттигинин» Маданият Кабарлары директору

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз