Пятница, 20 сентября

Оюн эмес. Мектепке бомба коюлган деп телефон чалган эки өспүрүм кармалды

0
Бишкектеги мектептердин бирине бомба коюлгандыгы тууралуу жалган телефон чалууга шектелген эки өспүрүм колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
14 жаштагы окуучулар өздөрү окуган мектептеги мугалимдин мессенджерине «сиздин мектеп NDM тобу тарабынан миналанган. Адамдарды эвакуациялоого 20 мүнөтүңүз бар, болбосо алар куткарылбайт» деген билдирүү жөнөтүшкөн. Алар жарылууну токтотуу үчүн 50 миң сом талап кылышкан.
Окуя болгон жерге дароо райондук башкармалыктын жетекчилиги жана тергөө тобу барып, кинологдор иштеп, бактыга жараша, бомба табылган эмес.
Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын маалымат каттоо журналына түшүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, жыйынтыгында бул ишке шектелип эки окуучу кармалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз