Четверг, 19 сентября

Өлкөдө бир катар айылдардын аты өзгөрөт (Тизме)

0
Кыргызстанда бир катар айыл аймак жана айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталууда. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин коомдук талкуусуна коюлган.
Бийлик муну менен улуттук идеологияны чыңдоо, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүнү көздөөдө.
Айыл аталаштарын төмөнкүдөй кылып өзгөртүү сунушталган:

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды деп атоо;

Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына Э. Дайракуновдун ысымын берүү;

Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылын Сатыкей деп атоо;

Манас районунун Май айыл аймагындагы Новодонецкини Айтматов айылы деп атоо;

Покровка айыл аймагын Семетей, Покровка айылын да Семетей деп атоо;

Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз-Олуя деп атоо;

Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылын Бообек айылы деп атоо;

Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу деп атоо;

Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынын Ичке-Булуң айылын Коңурат айылы деп атоо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз