Четверг, 19 сентября

Израиль Газада ооруканага чабуул жасады

0

Израиль армиясы Газа тилкесиндеги Шифа медициналык борборунун бир бөлүгүнө каршы аскердик операция баштаганын жарыялады.

Израиль армиясынын басма сөз катчысы Авичай Адрае, X платформасындагы билдирүүсүндө Шифа медициналык борборунун белгилүү бир бөлүгүнө каршы аскердик операция жүргүзүп жатканын билдирди.

Адрае операциянын жарандарды, медициналык топторду жана оорукананын ичиндеги бейтаптарды бутага албаганын айтты.

Операциядан мурда маселенин оорукана директорлугуна жеткирилгенин белгилеген Адрае операциядан мурда бейтаптарды жана баш калкалоочуларды ооруканадан чыгаруу үчүн аракет жасалганына көңүл бурду.

Бир тараптан Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүүсүндө операциянын башталышы тууралуу маалыматтын Шифа ооруканасына берилгенин тастыктады.

Аль-Жазира телеканалында түз эфирде телефон аркылуу байланышка чыккан Шифа ооруканасынын мүдүрү Мунир ел-Берш ооруканага карай ок атуу жана бомбалоолордун уланып жатканын айтты.

Оорукананын ичинен түз телефон чалууларга катышкан жарандар кол салуулардан улам оорукананын ички коридорлорунда, терезелерден алыс болууну уланткандарын белгилешти.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фейсбук баракчасына жазган министрликтин басма сөз катчысы Эшреф аль-Кудра мындай деди:«Израиль оккупациясы эки саат бою катуу бомбалоону жана катуу ок атууну улантууда, Шифа медициналык борборун ар тараптан курчап, бул жердегилердин баарын кушатууда».

Кудра Шифа ооруканасында 1500 кишилик медициналык топ жана болжол менен 7 миң качкын бар экенине көңүл бурду.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министри Мей Кейле Израиль күчтөрү Газа тилкесиндеги Шифа ооруканасындагы медициналык кызматкерлердин, бейтаптардын жана жер которгон жарандардын өмүрүнөн жооптуу экенин айтты.

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына ылайык, Кейл : «Израиль баскынчы күчтөрү Газадагы Шифаа медициналык комплексти курчоого алып жана бомбалоо менен адамзатка, медицина кызматкерлерине жана бейтаптарга каршы жаңы кылмыш жасады»,-деди.

Кейл Израиль аскерлеринин оорукананы бомбалоо менен адамзатка каршы жаңы кылмыш кылганын белгиледи.

Газа медиа кеңсесинин башкы директору Исмаил аль-Севабите Израилдин баскынчы күчтөрүнүн Шифа ооруканасына жасаган чабуулунун согуш кылмышы экенин айтты.

Израилдин Шифа ооруканасынын Газадагы каршылык көрсөтүүнүн жөнөтүү жана башкаруу борбору экенин далилдөөгө аракет кылганын, бирок бул ишке ашпай кала турганын белгилеген Севабите, «Баскынчы күчтөр ооруканага курал алып келип, аны белгилүү бир түрдө тартипке келтирет жана анын сүрөттөрү»,-деди.

Газадагы Шифа ооруканасынын жетекчилиги : «(Израиль Палестинанын куралдуу каршылык көрсөткөнүн айткан ооруканага жасалган чабуул) Израилдин чабуулу учурунда ооруканадан бир дагы ок атылган жок»,-деп айтты.

Газа ооруканаларынын башкы директору Мухаммед Заккут, Аль-Жазира телеканалына берген маалыматында Израиль армиясынын Шифа ооруканасын басып алуусунда оорукананын ичинен бир да ок атылган эместигин, Израиль аскерлеринин болсо коридордон чыккандарга ооруканадан «коопсуз» чыгылат  деп коюп ок чыгарганын белгиледи.

Заккут: «Баскынчы армиянын аскерлери Шифа ооруканасына киришинин өзү үчүн жеңиш болот деп ишенген, бирок каршылыктын бар экенине эч кандай далил таба алган жок»,-деп айтты.

Палестиналык аткаминер Израиль күчтөрүнүн Шифа ооруканасынын хирургиялык жана авариялык абалдагы имараттарына тинтүү жүргүзгөнүн, ошондой эле тез жардам бөлмөсүнө киргенин жана учурда оорукананын жертөлөсүн тинтип жатканын билдирди.

Заккут Кызыл Чырым делегациясына «баскынчы армиянын Шифа ооруканасын басып алганын» билдиргендерин, бирок алардан эч кандай жооп ала албагандарын айтты.

Башка жагынан алганда, Палестинанын Кызыл Жарым Айы Газа тилкесиндеги ага караштуу Кудс ооруканасынан бейтаптарды жана медициналык топторду мажбур түрдө чыгарышканын жарыялады.

Билдирүүдө оорукананын эвакуацияланышынын Израиль күчтөрү тарабынан 10 күндөн ашык убакыттан бери блокадада калгандан кийин болгонун билдирилип, Израиль армиясынын блокада учурунда ооруканага дары-дармек жана гуманитардык жардамдардын берилишине тоскоол болгону баса белгиленди.

Билдирүүдө бейтаптарды дарылоо үчүн Газа тилкесинин түштүгүндөгү ооруканаларга жеткирүүнүн уланып жатканы белгиленди.

Ошол эле учурда Палестинанын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль армиясынын Газадагы Шифа ооруканасына кол салуусу айыпталды.

Билдирүүдө : «Газадагы ооруканаларга жасалган рейддер баскынчылардын элибизге жасаган бардык мыйзам бузууларынын жана кылмыштарынын уландысы. Шифа ооруканасына жасалган кол салуу эл аралык укуктун, эл аралык гуманитардык укуктун жана Женева конвенцияларынын ачык түрдө бузулушу»,-деп билдирилди.

Билдирүүдө Палестина жарандарынын туруктуу саламаттык борборлорун, ден-соолук жана тез жардам топторун бутага алуу менен дарылануу жана медициналык кызмат алуу укуктарынан ажыратылганы, ооруканалардагы ара төрөлгөн балдар жана жеринен ажырап баш калкалаганы келген миңдеген кишилер анын ичинде медицина кызматкерлеринин, бейтаптардын, жарадарлардын жана балдардын коопсуздугунан Израилдин толугу менен жооптуу экени белгиленди.

Билдирүүдө медициналык кызматкерлерди, бейтаптарды жана жер которгон миңдеген палестиналыктарды коргоо үчүн тез арада эл аралык кийлигишүүнү талап кылды.

Израиль аскерлеринин басып алган Газадагы Шифа ооруканасында израилдик туткундардын эч кандай белгиси жок экени, Израиль армиясынын аймактагы издөө иштеринин уланганы билдирилди.

Израиль армиясынын радиосу кабарлаган кабарда: «Шифа ооруканасында уурдалган адамдардын бар экенине эч кандай белги жок, текшерүүлөр уланууда»деген сөздөр камтылган.

Бир тараптан Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү жарыясында Израиль аскерлеринин учурда Шифа ооруканасында «белгилүү бир аймакта» Хамаска каршы «сезимтал жана максаттуу операция» жүргүзүп жатканы белгиленди.

Билдирүүдө ооруканага жасалган рейд  «ХАМАСтын иш-аракеттеринин ушул аймактан багытталганын көрсөткөн чалгындоо маалыматына негизделген» деп айтылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз