Вторник, 17 сентября

Бишкеке Азербайжандын спикери баштаган делегация келди

0

Бүгүн Бишкекке Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясына катышуу үчүн Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова баштаган делегация келди.

Сыйлуу конокторду «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын бүгүн-эртең Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындары өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз