Воскресенье, 20 октября

Айдоочу «Коопсуз шаардын» камераларына 755 жолу түшкөн (Видео)

0

Чүй облусунда 755 жолу жол эрежесин бузган Chevrolet Lacetti унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эреже бузуу фактылары 2022-жылдын 30-майынан, 2023-жылдын 20-ноябрына чейинки аралыкта «Коопсуз шаардын» камераларына түшүп калган.

Айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн айдоочу Бишкек — Кордай трассасынан кармалган. Унаа Аламүдүн районунун убактылуу айып короосуна токтотулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз