Воскресенье, 20 октября

Оң рулдуу таксилерге уруксат берилеби? Жообу белгилүү болду

0
Парламент оң рулдуу унаалар менен такси кызматында иштөөгө уруксат берүү мөөнөтүн узартуу демилгесин четке какты.
Депутат Дастан Бекешев баштаган депутаттар мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Алар 2030-жылга чейин тыюу салбай турууну демилгелеген.
«Оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта айдоого тыюу салуу жөнүндө ченем үч жылдан бери күчүндө болсо да, иш жүзүндө аткарылган жок. Себеби коронавирус инфекциясынын жайылгандыгына байланыштуу аткаруу мүмкүн болгон эмес. Ошондой эле тыюу салуу аткарылбаган учурда жоопкерчилик жок. Элдин социалдык-экономикалык абалы жакшырган жок жана тыюу салуу жумушсуздардын санын көбөйтүшү мүмкүн», — деп жазылган маалыматтык негиздемесинде.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз