Пятница, 20 сентября

Баткендеги «Мадыген» геопаркынын зыяратчылары көбөйүүдө

0

Баткендеги уникалдуу «Мадыген» геопаркынын аймагына кезектеги саякат уюштурулду, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Бул ирет аймакка облус башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер, облустун аймагынан келген кызматкерлер, тарыхчы мугалимдер, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү барышты.

Жаратылыш сүйүүчүлөр алгач геопарктын аймагындагы Саркент деңизинин калдыктары аталган Малюскаларга барышты. Андан ары Сары-Тоо капчыгайына, Кан-и-Гут үңкүрүнө, байыркы эритүүчү мештерге, түркүн түстүү — «Мадыген» оазисине, каньондорго саякатташты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз