Кыргызстанда акыркы аптада коронавирус инфекциясынын 4 учуру катталды.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, бардык учурлар Бишкек шаарында аныкталган.
Адистер республикадагы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда.