Суббота, 21 сентября

Түрк экономикасы 5,9 пайызга өстү

0

Түркиянын статистика мекемеси быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинин (июль-сентябрь) ички дүң продукциясынын (ИДП) жыйынтыгын жарыялады.

Буга ылайык түрк экономикасы 2023 — жылдын үчүнчү чейрегинде өткөн жылдын ушул эле чейрегине салыштырмалуу 5,9 пайызга өстү.

2023 — жылдын үчүнчү кварталында өткөн жылдын ушул эле чейрегине салыштырмалуу; курулуш 8,1 пайыз, өнөр жай 5,7 пайыз, финансы жана камсыздандыруу иши 5,1 пайыз, кызмат көрсөтүү 4,3 пайыз, мамлекеттик башкаруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан тейлөө 3,6 пайыз, кыймылсыз мүлк 2,7 пайыз, башка кызмат көрсөтүүлөр 2,2 пайызга, маалымат жана байланыш тармагы  1,7 пайызга, айыл чарба тармагы 0,3 пайызга өскөн.

Түркия экономикасы өткөн чейрекке салыштырмалуу да 0,3 пайыз өстү. Күтүүлөр 5,6 пайыз деңгээлинде болчу.

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек 3-чейректеги өсүү көрсөткүчтөрүнө баа берди.

Министр Шимшек : «Инфляция жана күндөлүк тартыштыкта ​​туруктуу төмөндөө жана макрофинансылык ырааттуулукка жетишилгенге чейин алдын ала айтылган жана эрежеге негизделген саясаттарыбызды улантабыз», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз