Кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларында аткезчилик кайра жандангандыктан бийлик жана укук коргоо органдарынын жетекчилери аны токтотуу үчүн иш-чараларды күчөтүшү зарыл. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарында УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатканда айтты.
«Ташиев республикадагы кырдаалдын үчүнчү терс көрүнүшү катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын кошумчалады. Буга байланыштуу мамлекеттик бийликтин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткен облусунун аймагындагы аткезчиликти толугу менен токтотууга багытталган комплекстүү иш-чараларды күчөтүүнү айтты», — деп билдирди маалымат кызматы.