Суббота, 21 сентября

Аксыда мамлекеттик кызматкер пара менен кармалды (Видео)

0

Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыктын кызматкери пара берүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгында коррупциялык фактылар аныкталды.

Тергөө тапшырмасынын негизинде зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облусуна ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчилеринин бири аныкталган бузууларды жашыруу максатында андан ары текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМдин кызматкерине ири өлчөмдө акча каражатын пара катары сунуштаган.

Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси “Пара берүү” менен кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 24-ноябрь күнү Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгында жетекчилик кызматты ээлеген жаран Ш.А. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерине 320 миң сомду пара түрүндө берген учурунда кармалган.

Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз