Суббота, 21 сентября

Кыш келди. Кыргызгидромет аба ырайы тууралуу билдирди

0

Кыргызстандын аймагында эртең, 1-декабрда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Синоптиктердин божомолуна таянсак, Бишкекте 1-декабрда түнкүсүн бир аз жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымал. 1-декабрда күндүз жана 2-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда 1-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

2-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусунда 1-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-декабрда түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда 1-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

2-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда 1-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-декабрда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда 1-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

2-4-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 6-7-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз