Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму (MİT) уюштурган операция менен жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын лидерлеринин бири Ширван Хасанды жок кылды.
Маалыматка ылайык Сириянын Дейр-эз-Зор аймагында ПКК/ЙПГ мүчөсү жана талаадан жооптуусу делген Рони Велат каймана аты бар Ширван Хасандын жайгашкан жери аныкталгандан кийин операция жүргүзүлгөн.
Түркияда жүргөндө 2011-2012-2013-жылдары коопсуздук күчтөрүнө каршы террордук кыймылдарга катышканы жана 2013-жылдан кийин Сирияда активдүү болгону аныкталган Ширван Хасан 2023-жылы 5-декабрда Дейр-эз-Зордо жүргүзүлгөн операция менен жок кылынды.
