Среда, 9 сентября

Бишкектин мектептеринде дагы эвакуация башталды

0

Бишкекте бир эле учурда № 33, 89, 67 мектептеринин жана Кыргыз-Орус Славян университетинин башкы корпусунун имаратында бомба изделүүдө. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, жеринде ыкчам-тергөө топ иштеп жатат. Окуу жайлардын имаратынын аймагы курчоого алынган.

Кызматкерлер, мектеп окуучулары жана студенттер эвакуацияланды. Жеринде ошондой эле ИИМдин кинологдору иштеп жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз