Среда, 9 сентября

Айдоочулардын эсине: Өлкөдө рейд жүрүүдө

0

Кыргызстанда эки күндө автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 14 айдоочу кармалып, аларга карата 280 миң сом айып салынган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери 20-декабрдан 31-декабрга чейин унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алгандарды аныктайт.

«Тонировка» рейдинин жүрүшүндө ошондой эле тиешелүү уруксатсыз кайра жабдуулар колдонулган транспорт каражаттарын башкарган айдоочулар аныкталып, жоопкерчиликке тартылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз