Среда, 9 сентября

Ипотекага үй алуу мүмкүнчүлүгү көбөйдү

0

Кыргызстанда 2023-жылы мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1 миң 400 үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров.

Анын айтымына караганда, кыймылсыз мүлктү сатып алууга бөлүнгөн каржылоонун жалпы суммасы 3 млрд сомдон ашкан.

«Ипотекалык насыялардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн аймактарында ишке ашырылган немис банкынын программасынын алкагында берилген. МИК 2024-жылы Кыргызстандын бардык облустарында мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулар үчүн үйлөрдү кура баштайт», — деп кошумчалады ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз