Воскресенье, 7 июня

Бишкекте жол кире кымбаттай турган болду

0

Бишкек шаардык кеңеши бүгүнкү отурумунда борбордо муниципалдык автобус, троллейбуска жол кирени кымбаттатууну колдоду.

БШК колдогон чечимге ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө, жол киренин баасы 11 сом бойдон калат. Жаңы тариф токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Жыйында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол кирени көтөрбөсө азыр сатып алынган жаңы автобустарды да жоготуп алуу коркунучу турганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз