Зимбабведе 12-февралда башталган холера эпидемиясында 221 адам каза болуп, ооругандардын саны 13 миңден ашты.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Зимбабведе холера илдетине чалдыккандардын саны 13 миң 176га жетти.
Декабрь айында ички саякаттардын көбөйүшүнө байланыштуу эпидемия күч алып, борбор шаар Хараре баш болгон өлкөнүн 55 аймагында холера оорусу аныкталды.
Эпидемиядан ушул учурга чейин 221 адам каза тапты.
Жетекчилер жарандарды холера эпидемиясына каршы чараларды көрүп, гигиенага көңүл бурууга чакырды.
Зимбабвенин борбору Харареде холера эпидемиясынан улам 17-декабрда өзгөчө кырдаал жарыяланган.