Воскресенье, 5 января

Тарыхы менен туристтерди өзүнө тарткан Трабзон шаары (Фото)

0

Кара Деңиздин жээгинде жайгашкан Трабзон шаары, тарыхы жана жаратылышы менен өзгөчөлөнүп турган шаарлардын бири. Трабзонду зыярат кылуу үчүн жыл сайын миңдеген турист аймакка саякат жасайт. Тарыхий шаар катары Трабзонго кызыккандар күндөн күнгө көбөйүүдө.
Трабзондун тарыхий жана табигый кооздуктарын көрүү үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан туристтер барышат.

Трабзондун бай тарыхы бар. Байыркы убакта Понтус падышалыгынын борбору болгон. Андыктан шаарда тарыхый экспонаттар, урандылар көп. Аясофия музейи (Трабзон Аясофия мечити), Трабзон сепили жана Ататүрк сарайы сыяктуу тарыхый имараттар зыяратчыларды өзүнө тартат.

Трабзондун кереметтүү жаратылыш кооздуктары бар. Кара Деңиздин укмуштуудай кооз жаратылышынын так ортосунда жайгашкан Трабзон шаары. Жап-жашыл токойлору жана шаркыратмалар Трабзонду ошол аймактын туристтик борборуна айлантты. Зигана ашуусу, Узункөл жана Сүмела монастыры сыяктуу табигый жана тарыхый байлыгы менен белгилүү.

Трабзон деңиз соодасы жана балык уулоо сыяктуу экономиканын тармактары жагынан да чоң мааниге ээ. Анын порту областтык эле эмес, аймактык сооданын чордону. Муну менен катар шаардын жака белинде дыйканчылык жана мал чарбасы да өнүккөн.

Трабзон ар түрдүү маданият жана цивилизацияны өз кучагына алган. Бул көп түрдүүлүк шаардагы салттуу кол өнөрчүлүк, музыка жана бий сыяктуу маданий элементтерден байкоого болот.

Трабзонго жергиликтүү жана чет элдик туристтер кең кесири келип, шаарды кыдырышат. Шаар акыркы мезгилдерде өзгөчө Араб жарым аралынан келген туристтердин олуттуу агымына дуушар болууда. Шаардын салкын абасы чөлдүн ысыгынан качкандарга эң мыкты башпаанек болууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз