Понедельник, 20 мая

Патенттин акчасын кымырган салыкчылар кармалды

0

Патентке төлөнчү акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Базар-Коргон районунун соода-базар комплексинин ишкерлеринин жана соодагерлеринин патенттерине төлөнчү акча каражаттарды салык инспекторлору системалуу түрдө чогултуп, өздөрүнө ыйгарып алып жүргөн туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

2023-жылдын 26-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында соттун санкциясы менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы С.С.К. жана райондун соода базарларын көзөмөлдөгөн 2 инспектору Н.У.С., А.М.К. кармалып, №53 тергөө абагына киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз