Жапониянын борбор шаары Токионун «Ханеда» аэропортунда бүгүн 2-январда кырсык болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары учактын жүргүнчүлөрүнүн баары жана экипаж аман экенин билдирди. Маалыматта айтылгандай, учактын ичинде 400дөй адам болгон, алар сыртка чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Айрым эл аралык маалымат булактары учактын 5 экипажынын курман болгонун жазууда. Бирок азырынча бул маалымат такстыктала элек.
Социалдык түйүндөрдө аэропорттун конуу-учуу тилкесинде Хоккайдо аралынан учуп барган Japan Airlines авиакомпаниясына таандык учак өрттөнүп жатканы тууралуу видеолор тарап жатат. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал жерге конгондо башка учакты сүзүп алган болушу ыктымал.