Воскресенье, 24 ноября

«Балага сүйүнчү» 146 миңден ашык балага берилди

0

2024-жылдын 1-январына карата 146 миң 633 төрөлгөн балага “балага сүйүнчүнүн” бир жолку төлөмүнө республикалык бюджеттен 584 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинде бир эле мезгилде үч эм жана андан көп төрөлгөн 28 балага 1,4 млн сом төлөндү.

Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4 миң сомду түзөт. Ал эми бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.

2023-жылы «балага сүйүнчү» жөлөк пулун төлөөгө каржылоо 61,2 млн сомго көбөйгөн.

2022-жылы 130 миң 200 балага 522,8 млн сом каржыланган, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 40 балага 2 млн сом сом бөлүнгөн.


Маалымат катары:

  • Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуусу керек;
  • “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы керек;
  • акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күндун ичинде банктык эсепке түшөт;
  • жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.

Эскертүү: жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Суроолор боюнча байланыш номер: 0312 312 502

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз